Биз менен байланышыңыз

Президент кыргызстандык мушкер Шевченкону куттуктады

Кыска кабар , Спорт | 10 Дек 2018 | 662 | 0

Президент Сооронбай Жэнбеков кыргызстандык мушкер Валентина Шевченкону UFC уюмунун чемпиондук курун тагынышы менен куттуктады.

«Кыргызстан сиз менен сыймыктанат. Сиз мурдагы СССР өлкөлөрүндөгү UFC боюнча аялдар арасында чемпиондукту жеңип алган алгачкы спортчу катары жаштарыбызга үлгү болдуңуз. Сизге   мелдештерде мындан ары дагы ийгиликтерди каалайм. Ыңгайлуу учурда  Мекениңизге келип кетүүгө чакырам», -деди мамлекет башчы.

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, UFC уюмунун 57 килограмм салмактагы чемпиону аталды.

Мушкерлер Торонто шаарында өткөн UFC 231 мелдешинин алкагында күч сынашып, натыйжада беш раунддун жыйынтыгы менен калыстар жеңишти Шевченкого ыйгарышкан.

Валентина ушуну менен мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичинен кыз-келиндер арасында биринчи жолу UFC уюмунун чемпиондук наамына ээ болду. Эркектер арасында бул наамга россиялык Хабиб Нурмагомедов татыган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM