Биз менен байланышыңыз

Арменияда парламенттик шайлоо өтүп жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Дек 2018 | 758 | 0

Арменияда өтүп жаткан парламенттик шайлоо тынч өтүүдө. Бул туурасында өлкөнүн БШК төрагасы Тигран Мукучян билдирди.

Анын айтымында жергиликтүү шайлоо комиссиясына 20 миң киши тартылган. Техникалык каражаттар менен бардык аймактар камсыздалган. Азыркы тапта чет өлкөдө жашаган 465 киши добуш берди.

Белгилей кетсек, бүгүн  Арменияда биринчи жолу өлкө тарыхында мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өтүп жатат. Анда эки блок жана 9 партия катышууда. Парламентке өтүү үчүн партия 5% жогорку добуш алыш керек. Ал эми блок 7%дан жогору. Ошондой эле, мыйзамга ылайык, парламентте 3 саясий күч көрсөтүлүшү керек.

Маалыматка ылайык, добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00 башталган. Жалпысынан өлкө аймагы боюнча  2010 шайлоо участкасы ачылган. Добуш берүү 20:00 аяктайт.

Маалыматтар боюнча  шайлоодо 2, 5 млндон ашык жаран өз добушун бере алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM