Биз менен байланышыңыз

Президент телекөрсөтүү жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 8 Дек 2018 | 750 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков телекөрсөтүү жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Анда мамлекет башчы 60 тарыхы бар болгон бул тармак өнүгүү жолунда зор өзгөрүүлөргө жетишкенин белгилеген.

Ошондой эле радио жана телекөрсөтүүлөрдүн мамлекеттик бийлик органдарынын ишин күн сайын электен өткөрүп, элге жаңыча дем берип, коомубузда жаратмандык духту бекемдөөгө кошкон салымын өзгөчө баалады.

-Ошондой болсо да, жаран жана анын маалыматка болгон талабына шайкеш келген, маданий жана руханий муктаждыктарын камсыз кыла алган теле көрсөтүүнү түзүү үчүн дагы көп аракет жумшообуз керек,-деп белгилеген.

Кошумчалай кетсек, 8-декабрь — Кыргызстанда Радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнү. Бул кесиптик майрам 1995-жылы 23-декабрда өкмөттүн токтому менен бекитилген.

Copyright © 2017 Maral FM