Биз менен байланышыңыз

Рамзан Кадыровдун резиденциясын тазалоого 51,1 млн бөлүнөт

Дүйнө | 8 Дек 2018 | 671 | 0

Чеченстандын мамлекет башчысынын жана өкмөтүнүн иш башкармалыгы президент Рамзан Кадыровдун резиденциясында тейлөө көрсөтчү компаниялар менен келишим түзөрүн жарыя кылды. Мындай маалыматты Медуза басылмасы жазып чыкты.

Документте резиденцияны тазалоо иштерине 51,1 миллион рубль бөлүугө даяр экени жазылган.

Ал үчүн жумушту аткаруучу тарап имараттардын ичин, бакчаны тазалап, таштандыларды да ташууну өз жоопкерчилигине алышы керек. Ошондой эле кызмат көрсөтүүчү кызматкерлер 18-40 жаш аралыгында болуусу талап кылынган.

Кошумчалай кетсек, Грозныйдагы резиденция 2012-жылы курулуп, 64 миң чарчы метр жерге жайгашкан. Жалпы курулуш иштерине 10 млрд рубль коротулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM