Биз менен байланышыңыз

Кыйноо боюнча бир да милиция жаза алган эмес

Коом | 7 Дек 2018 | 719 | 0

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун берген маалыматы боюнча, келген арыздардын көпчүлүгү милицияга байланыштуу. 2015-2016-жылдары 85% түзсө, 2017-жылы арыздардын саны 91%га өскөн. Бул маселе Ысык-Көл облусунда да курч бойдон турат.  

-Милиция кызматкерлери баламды аябай кыйнашкан. Алар Ак-Суу РИИБге алып барып, колуна кишен тагып, башына пакет кийгизип, желим бөтөлкөгө суу толтуруп аябай сабашкан. Баламдын айтымы боюна күнүнө 3 өлтүрүп, 3 жолу тирилткен.

Бул милициянын кыйноосуна чыдабай акыры өз өмүрүнө кол салган Эрмек Касымовго жасалган иш. Анын атасы Нурлан Асанбеков окуяны дагы деле көз алдына элестетет. Анткени баласы Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылынан 3 койду уурдады деген шек менен кармалган. Албетте, күнөөнү моюнга алдыруу бул кыйноонун себептери. Тиешелүү 5 кызматкерге прокуратура иш козгоду, эми аягына чейин чыгуусун маркумдун атасы өтүнөт.

-Баламдын өлүмүнүн себеби милиция кызматкерлер аркылуу болду деп эсептейм. Азырынча иш козголду дегени менен толук кандуу соттун чечими чыга элек. Ошондуктан териштирүү ишин аягына чейин чыгарып, жоопко тартылуусун өкмөттөн да суранып кетем.

Деген менен, 11 жылдан бери кыйноонун курмандыгы болгон жарандардын укугун коргоп келген «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси Камил Рузиев бул сапар милиция кызматкерлерин жазалоодо күмөн санайт. Себеби 2007-жылдан бери кыйного байланышкан бир нече арыз келип түшкөнү менен, бир да жолу жазаланган эмес.

Биз укук коргоочу катары иштеп баштагандан бери 200дөн ашык арыз келип түшкөн. Адамды кыйнаган боюнча Ысык-Көл облусу боюнча бир да жазага тартылган факт жок. Тилекке каршы, мындай иштер барган сайын көбөйүүдө. Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесинин, 1-бөлүмү боюнча кылмыш иш козголгон жок. Себеби экспертиза начар жүргүзүлүп, биздин органдар жакшы иштебей жатат. Ошондуктан көпчүлүгү кайра текшерилбей жабылып жатат.

Мындай пикирди акыйкатчынын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү Өмүрбек Таамаев да ырастайт. Анын биринчи жүйөсү жарандар арыз менен кеч кайрылып,  тиешелүү далилдер аныкталбай калат. Экинчиден адамдар өз укугун билбегендиги кыйного жол ачып жатканын айтты.

Быйыл бизге 600дөн ашык ар кандай арыз келип түштү. Мисалы анын ичинен 20га жакыны кыйноого байланыштуу болсо, анын 2 эле кылмыш иши каралышы мүмкүн. Себеби көпчүлүк учурда жарандар кеч кайрылып, көк-ала болгон денеси өтүшүп кетет. Текшере келгенде эч кандай далил таба албайбыз. Кээ бири бир жолгондон кийин кайрылышат. Бул адам өзүнүн укугун билбегендиктен да келип чыгууда.

Мындан улам, облус жетекчиси баш болуп, прокуратура, сот бийлиги, акыйкатчы, милиция кызматкерлери жана өкмөттүк эмес уюмдар мемарандумга макулдашууда. Ар тараптын өкүлдөрү биргеликте иш алып баруу үчүн пикир алмашты. Эми кандай гана арыз түшпөсүн, облус жетекчиси кайдыгер карабай тургандыгын Акылбек Осмоналиев билдирди:

Козголгон иштер козголгон бойдон калып калып жатат. Же болбосо андан башка жарандардын укугу бузулган учурда берилген жооптор эки башка болуп, калыстык менен чечилбей жаткандыгы байкалып жатат. Мындай маселени актив менен жолукканда айтып жатышат. Эми мындан ары кандай гана арыз келип түшпөсүн бардыгы акыйкаттуу чечилгидей кылып, көзөмөлгө алабыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM