Биз менен байланышыңыз

Энергияны сарамжалдай алгандар сыйланды

Коом | 7 Дек 2018 | 765 | 0

«Кирсефф» программасынын алкагында Кыргызстанда ийгиликтүү ишке ашкан долбоорлор тандалды.

«Кирсефф» программасынын алкагында буга чейин турак-жайларын оңдоп, үйдөгү жылуулукту көпкө кармап туруу үчүн насыялар берилип келген болсо, бүгүн андан бизнес коомчулугу дагы ала баштады. Ал үчүн Европа биримдигинен 35 млн доллар бөлүнгөн. 2016-жылдан бери жалпы гранттык жана насыялык негизде каражаттар берилип жатат. Анын алкагында бүгүнкү күнгө чейин 15 млн доллары элге таратылып бүттү. Бул тууралуу Евробиримдиктин өнүктүрүү банктардын жетектөөчү банкири Азамат Ибраимов айтты.

Программанын алкагында бөлүнгөн каражаттардын 15  млн доллары кыргызстандыктарга берилди. Бул программа баардык облустарда иштеп жатат. Бул жерде эң негизги максат энергияны сарамжалдуу пайдалануу болуп эсептелет. Бир гана жылуулук энергияны эмес, табияттын баардык ресурстарын үнөмдүү пайдалануу каралган. Ошол эле шамал, суу жана башка булактар кирет.

Насыялар Кыргызстандагы банктар аркылуу 20 пайыз менен 5 жылга чейин берилип жатат. Буга кошумча ишканалар үчүн 15 пайыз, жеке жактарга 20 пайыз гранттык негизде берилүүдө. Чакан бизнеске берилгендер тууралуу кененирээк токтолсок. Бул Кыргызстандыктар үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзүп берип жатканын жеке ишкер Акмат Ниязалиев айтууда. Бүгүнкү күнү «Дан агро» ишканасын негиздеп жаңы техникаларды алууга жетишкен. Бүгүн анын энергияны үнөмдөгөнүн эң мыкты долбоор деп табышды.

Буга чейин эскилиги жеткен жабдыктар менен иштеп келгенбиз. Эми минтип «Кирсефф» программасы аркылуу жеңилдетилген насыя алып баарын жаңыртып алдым. Азыр саатына 10 тоннага чейин иштетип жатабыз. Буурчактын бир катар түрүн сорттоп экспортко даярдап жатам.

Ошону менен Кыргызстанда жалпы жолунан 1700 долбоор ишке ашкан. Мындан ишкерлер 50 пайызга чейин чыгымдарын кыскартууга жете алганын Кирсеффтин каржы эксперти Бакыт Аскарбеков айтып берди.

1700 долбоордун жалпы суммасы 40млн долларга чукул акчаны элге насыялык негизде бердик. Насыя алгандардын бир бөлүгүн бизнес карларлар, экинчисин жеке адамдар түзөт. Алардын дээрлик баарлыгы өз чыгымдарын кыскарта алышты.

Эскерте кетсек, жылдын жыйынтыгы менен республика боюнча 27 долбоор мыкты деп табылды. Алардын басымдуу бөлүгү өндүрүш ишканалар түздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM