Биз менен байланышыңыз

Тоо текелерди аткан браконьерлер кармалды

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда 3 жапайы тоо текени атып келе жаткан браконьерлер кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык 4-декабрда Тогуз-Торо РИИБине шашылыш билдирүү келип түшкөн. Алар шектүү Ауди-100 автоунаасын текшеришкенде ичинен атып өлтүрүлгөн үч жапайы тоо теке табылган. Мындан сырткары унаадан бир нече аңчылык курал-жарагы да чыккан.

Бул боюнча кылмыш иши ачылып, иликтөө жүрүүдө.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM