Биз менен байланышыңыз

Орусия Кыргызстандын 42 тонна жаңгагын киргизбей койду

Кыска кабар | 6 Дек 2018 | 605 | 0

Кыргызстандан барган 42 тонналык грек жаңгагы жана Кытайда өндүрүлгөн мандарин менен грек жаңгагы Орусиянын Оренбург шаарынын айыл чарба продукцияларын көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан артка кайтарылды. Бул тууралуу башкармалыктын маалымат кызматы жарыялады.

Жогорудагы жараксыз жана туура эмес фитосанитардык сертификат менен барган продукциялар текшерүүдөн өтө алган эмес.

Ошондой эле фитосанитардык сертификаты, чыгарылган жайы жана сапаты маалымдалбаган 21 тонналык помидор, бадыраң, курма жана мандарин артка кайтарылды.

Аталган башкармалык мындан сырткары Казакстандан барган фитосанитардык нормаларга жооп бербеген айыл чарба продукцияларын да өлкөгө киргизген эмес.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM