Биз менен байланышыңыз

Транспорт жана жолдор министринин орун басары пара алып кармалды

Кыска кабар | 6 Дек 2018 | 744 | 0

5-декабрь кунү Транспорт жана жолдор министринин Ж.А. (Азимкан Жусубалиев экени болжолдонууда) аттуу орун басары 50 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

УКМКнын коррупцияга каршы кызматы тарабынан кармалган министрдин орун басары жолдорду куруу жана оңдоо боюнча өтүп жаткан тендерди чет элдик компаниянын пайдасына чечип берүү үчүн пара алган. Ал аталган тендердик комиссиянын төрагасы кызматын аткарчу.

Кошумчалай кетсек, чет элдик компанияга тендерди алып берүү үчүн 520 миң АКШ долларын ала турган болгон. Анын 120 миңин буга чейин бир туугандарынын ортомчулугунда компаниянын өкүлдөрүнөн алган. Калган сумманы алдыдагы апталарда алмак.

Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кылмыш ишин иликтөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM