Биз менен байланышыңыз

«Чалдыбар» бекетинин кызматкерлери пара алууга шектелүүдө

Кыска кабар | 6 Дек 2018 | 560 | 0

Кыргыз-казак чек арасындагы «Чалдыбар» ветеринардык, фитосанитардык көзөмөлүнүн жана салмак бекетинин кызматкерлери пара алууга шектелип кармалышты. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар чарба ишканаларынан жана жеке ишкерлерден пара талап кылып келишкен.

1-декабрда ыкчам тергөө иштерин жүргүзүү учурунда ветеринардык бекетинин тескөөчүсү менен салмакты текшерген тескөөчүсү кармалды.

Бул факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «пара талап кылуу» беренелери боюнча иш козголгон. Учурда тергөө уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM