Биз менен байланышыңыз

Бинали Йылдырым Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет

Кыска кабар | 6 Дек 2018 | 437 | 0

Бүгүн, 6-декабрда Түркиянын улуттук жыйынынын төрагасы Бинали Йылдырым Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугат.

Ал эми 7-декабрь күнү расмий делегация «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде болуп, 1916-жылы «Үркүндө» каза болгондордун жаркын элесине жана 1930-жылдардагы репрессиянын курмандыктарына арналып салынган мемориалга, ошондой эле жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүлчамбар коюшат.

Андан соң, Айтматовдун 90-жылдыгына карата Кыргыз-түрк «Манас» университетинде өткөрүлүүчү иш-чараларга катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM