Биз менен байланышыңыз

Парламент «Ачык асман» долбоорун талкуулайт

Кыска кабар | 6 Дек 2018 | 421 | 0

Бүгүн, 6-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланат.

Мыйзам 4-декабрда парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде үчүнчү окууда жактырылган.

Мыйзам “Ачык асман” долбоорун ишке ашырууга шарт түзөт. Башкача айтканда, бардык учактарга Кыргызстандын аба мейкиндиги аркылуу эркин каттоосуна мүмкүнчүлүк берилет. Ал үчүн Аба кодексине «аба эркиндигинин 5-даражасын» киргизүү зарыл.

Жарандык авиация департаментинин директору Курманбек Акышев мыйзам долбоору кабыл алынса, департамент жаңы тартип менен иштөөгө даяр экендигин айткан. Ал билдиргендей, тиешелүү документтерге өзгөртүүлөр киргизилип, бардык эл аралык авиациялык уюмдарга билдирүү жасалат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM