Биз менен байланышыңыз

Финпол: Жунусовду экстрадициялоо боюнча сүйлөшүү жүрүүдө

Кыска кабар | 5 Дек 2018 | 569 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов Баку шаарында кармалганын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тастыктады. Мекеме учурда Жунусовду Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Бүгүн, 5-декбарда Азербайжандын “Новая эпоха” интернет-порталы Баку шаарындагы аэропорттон Бажы кызматынын мурунку төрагасы Адамкул Жунусов кармалганын жазган.

Адамкул Жунусов Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан Интерпол аркылуу изделип жаткан. Ага ушул жылдын август айында издөө жарыяланган.

Бажы кызматынын мурунку төрагасына Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айып тагылган. Ал өлкө бюджетине 166 милн сомдон ашык зыян келтиргени аныкталган.

Адамкул Жунусов 2013-2016-жылдары Бажы кызматын жетектеген.

Copyright © 2017 Maral FM