Поезд жана унаа каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 6-декабрда Бишкек I — Бишкек II темир жол каттамынын 3778-чакырымында ремонт иштери жүргүзүлөт.
Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы кабарлайт. Буга байланыштуу Асаналиев (мурдагы Некрасов) жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде кечки саат 21.00дөн 24:00гө чейин аталган аймакта транспорт каттамы жабылат.