Биз менен байланышыңыз

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17 млрд куб метрди түзөт

Кыска кабар | 5 Дек 2018 | 506 | 0

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17 млрд 796 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу “Электр станциялар” ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева Facebook баракчасына жазды. Анын айтымында, учурда ишкананын бардык объектилери штаттык режимде иштеп жатат.

Өткөн суткалар ичинде 60 млн 773 миң кВт/с энергия иштелип чыккан. Анын ичинен Бишкек жылуулук электр борбору тарабынан 6 млн 745 миң кВт/с энергия иштелип чыккан. Ош шаарынын ЖЭБи 1 млн 200 миң Гкал иштеп чыккан.

Ал эми жылына өлкөдө 12-14 млрд кВт/с электр энергиясы өндүрүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM