Биз менен байланышыңыз

Жаңы жылга карата эс алуу күндөрү сунушталды

Кыска кабар | 5 Дек 2018 | 1047 | 0

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жаңы жыл майрамына карата жети күн эс алууну сунуштады. Анда жылдын жаңырышына карата 2018-жылдын 30-31-декабры жана 2019-жылдын 1-2-январы иш күнү эмес деп белгиленет.

Министрликтин жаңы токтомуна ылайык, 1, 2, 3, 4, 5, 6 жана 7-январь күндөрү, ошондой эле 9, 10, 11 жана 12-майда эс алуу сунушталган.

25-февраль эс алуу күнү 23-февраль майрам болгондуктан 2-январдагы иш күнгө жылат;

8-апрель эс алуу күнү 7-апрель эс алуу күн болгондуктан 3-январдагы иш күнгө өтөт;

2-сентябрдагы эс алуу күнү 31-август майрам болгондуктан 4-январдагы иш күнгө жылат;

6-май эс алуу күнү 5-май майрам болгондуктан 10-майдагы иш күнгө жылат.

Бул токтом долбоору өкмөттүн сайтында коомдук талкуу үчүн жарыяланды.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM