Биз менен байланышыңыз

Троллейбус менен жеңил унаа кагышып, айдоочу мерт кетти

Кыска кабар | 5 Дек 2018 | 528 | 0

Бүгүн эртең менен Бишкекте жол кырсыгынан улам бир киши каза болгонун мэриядан кабарлашты.

№17 троллейбус Юнусалиев көчөсү менен Субанбердиев көчөсүнүн кесилишкен жеринде жеңил унаа менен кагышып, ал каршы тилкеге учуп барып тийген. Унаанын айдоочусу жеринде каза болгон.

Троллейбустун айдоочусунун баш мээси чайкалып, ооруканага түштү. Жүргүнчүлөр жаракат алган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM