Биз менен байланышыңыз

Президент: Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү туура чечим болгон

Кыска кабар | 5 Дек 2018 | 732 | 0

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдикке кирүүсү туура чечим болгону үч жылдын ичинде көрүндү. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков «Россия 24» телеканалына берген маегинде билдирди.

Кыргызстан биримдикке кире электе буга каршы болгондор өлкө экономикасы чакан болгондуктан атаандаштыкка туруштук бере албайт дешти. Ошондой эле айыл чарба товарлары кымбаттайт дешкен. Ушул үч жыл биздин ЕАЭБге киргенибиз туура чечим болгонун көрсөттү. Биз Орусия, Казакстан, Беларусия менен атаандаша аларыбызды көрдүк.

Президент кошумчалагандай, Кыргызстандын биримдикке мүчө мамлекеттер менен соода жүгүртүүсү 38 пайызды түзөт. Былтыр бул көрсөткүч 16 пайызга өскөн. Экспорт 27 пайыз, импорт 14 пайызга жеткен.

Жээнбеков мындан тышкары, бүгүнкү күндө коюлган максаттары тууралуу айтып, эң алгач эффективдүү мамлекеттик башкарууга жетүүнү, коррупция менен күрөшүүнү күчөтүүнү, бизнеске болгон тоскоолдуктарды азайтууну, мамлекеттик кызматтарды электрондоштурууну, фискалдык саясатты жөнөкөйлөштүрүүнү көздөп жатканын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM