Биз менен байланышыңыз

Ошто эл аралык стандарттагы эт комбинаты ачылды

Кыска кабар | 5 Дек 2018 | 639 | 0

Ошто эт азыктарын кайра иштетүүчү “Келечек” эт комбинаты ачылды. Комбинат эт азыктарын кайра иштетет жана тейлөө кызматын көрсөтөт.

Күнүнө 200 баш ийри мүйүздүү мал, 300 баш кой, эчки союлуп, бир жылдык көрсөтүлгөн тейлөөнүн көлөмү 35 млн 280 миң сомду түзөт.

Бүгүнкү күндө ишканага заманбап, жаңы жабдуулары менен мал, кой союлуучу 2 линия коюлуп, ичеги карындарды, баш шыйрактарды кайра иштетүү жана эт муздаткыч цехтери иштөөдө.

Мындан сырткары, колбаса, эт консерваларын жана тери иштетүү цехтерин ишке киргизүү пландалган.

Комбинат Евразия биримдигине кирген өлкөлөргө жана башка чет мемлекеттерге ветеринардык, санитардык стандарттарга жооп берген эт азыктарын жөнөтөт.

Мындан сырткары, колбаса, тушенка чыгаруучу цехтерди кайра ишке киргизүү жактары каралууда. Ишканада 60 жумушчу орун бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM