Биз менен байланышыңыз

Кадыржан Батыров Одессада көз жумду

Кыска кабар | 5 Дек 2018 | 950 | 0

Өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылып издөөдө жүргөн, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Кадыржан Батыров Одессада көз жумганы айтылууда. Ал эмнеден улам көз жумганы азырынча кабарлана элек.

Кадыржан Батыров 1956-жылы 9-мартта Жалал-Абадда туулган. Кыргызстандагы өзбек коомчулугунун лидери болгон. Батыров улут аралык араздашууну козутуп, 2010-жылкы Ош коогалаңын уюштурууга катыштыгы бар деп өмүр бою эркинен ажыратылган.

Батыров 2016-жылы 21-сентябрда ЕККУнун Варшавадагы жыйынында Кыргызстандагы Баш мыйзамдын өзгөрүшүнө каршылыгын билдирип, улуттук азчылык өкүлдөрү кысымга алынып жатканын айтып чыккан.

Кыргызстандын ошол кездеги тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев ЕККУнун Батыровго трибуна беришине расмий Бишкектин нааразылыгын Улуттар уюмунда билдирген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM