Биз менен байланышыңыз

Милицияга арыздангандар көбөйдү

Коом | 4 Дек 2018 | 807 | 0

Кыйноолорго байланыштуу кайрылуулардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. 

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго келген арыздардын саны 3 жылдын аралыгында 132 арыздан 237 ге жеткен. Улуттук борбордун бөлүм башчысы Камалдин Жапаровдун айтымында, акыркы 10 айдын ичинде эле кыйноо боюнча келип түшкөн кайрылуулардын 106сы кыйноо фактылары боюнча.

Бизге келген кайрылуулардын негизинде статистикада айырмачылык бар. Мисалы, 2016-жылы 132 арыз келип түшкөн болсо, 2017-жылы 217 арыз келген. Ал эми быйыл 10 айдын ичинде келген арыздардын саны 237ни түздү. 

Улуттук борбордун берген маалыматы боюнча, келген арыздардын көпчүлүгү милицияга байланыштуу. Маселен, 2015-2016-жылдары 85% түзсө, 2017-жылы келген кайрылуулардын 91  % ИИМге байланыштуу болгон. Мындан улам улуттук борбор тиешелүү тараптарга бир катар суунуштамаларды берсе да, ушул күнгө чейин сунуштамалардын 50% гана аткарылган. Бул туурасында Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов билдирди.

-7-декабрда тегерек стол өтөт. Ошондо ушул маселени көтөрөбүз. Биз буга чейин 4 жылдан бери 131 сунуштама бергенбиз. Азыркы учурга чейин 50% гана аткарылган. Ошол тегерек столдо эмне үчун ушул күнгө чейин сунуштамалар аткарылбай жатканын сурайбыз.

Адистер кыйноолор боюнча статистикалык сандарды объективдүү эмес деп сыпатташат. Анткени бул сандар Башкы прокуратуранын расмий берген маалыматы боюнча. Ошондуктан 2019-жыл менен 2018-жылды салыштырганда так анализдер чыгат дешет. Ал эми кыйноолордун көпчүлүк пайызы ИИМге туура келгендигине байланыштуу Борбор Азиядагы абактардагы реформалоо (PRI) долбоорунун алкагында жаңы сунуштамалар ишке ашырылууда. PRIдын өкүлү Арген Асанбековдун айтымында бул система тергөө учурундагы кыйноолорду алдын алууга багытталат.

-Мурда тергөө учурунда күбөлөр керек болчу да. Азыр биз сунуштап жаткан системада кармалган киши жана тергөөчү гана болот. Аларды видео жана аудио жазып турат. Ал документтер аркылуу сотко жиберилет. Мындай аракеттер кыйноолорду алдын алууга жардам берет деп ишенебиз.

Кошумчалай кетсек, 1-декабрдан 10-декабрга чейин адам укуктары боюнча декларациясынын кабыл алынышынын 70 жылдыгына байланыштуу иш-чаралар өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM