Биз менен байланышыңыз

«Ачык асман» долбоору ишке кирүү алдында

Саясат | 4 Дек 2018 | 1090 | 0

Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети “Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Мыйзам “Ачык асман” долбоорун ишке ашырууга шарт түзөт.

Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү  менен «Ачык асман» долбоору ишке кирмекчи. Башкача айтканда, бардык учактарга Кыргызстандын аба мейкиндиги аркылуу эркин каттоосуна мүмкүнчүлүк берилет. Ал үчүн Аба кодексине «аба эркиндигинин 5-даражасын» киргизүү зарыл.

Демилгечи депутат Махабат Мавлянова «Ачык асман» долбоору жарандык авиациянын өнүгүшүнө залакасын тийгизбей турганын билдирди.

-Мыйзам кабыл алынып калса, көп өлкөлөр менен карым-катнаш артып, авиакомпаниялардын ортосунда атаандаштык күчөп, айрыкча туризм тармагынын өнүгүшүнө жагымдуу шарттар түзүлөт. Кыргызстан өз мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, башкаларга жол ачып берүү керек. Долбоорду кабыл алган соң Кыргызстанда аба эркиндигинин бешинчи даражасын бир тараптуу жарыялайбыз жана колдонобуз. Бул мекендештерибиздин жана туристтердин коопсуз учууларына шарт түзөт. Аларды арзан жана көп багытуу учуулар менен камсыздайт. Буга чейин айтылган сунуштардын баары эске алынды.

Тиешелүү мыйзам долбоорду Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети үчүнчү окууда жактырды. Эми 6-декабрда парламенттин жалпы жыйынында каралат.

Ал эми талкууда депутат Улугбек Ормонов долбоорго каршы пикирин билдирди. Эл өкүлү мыйзам демилгечилер айткандай иштеп кетсе гана жакшы деп эсептейт. Анын жыйынтыгы алты айда эле билинип калаарын эл өкүлү кошумчалады.

-Албетте, демилгечилер Кыргызстанга туристтер көп келсин, авиациянын абалы оңолот деген ой менен мыйзамды киргизип жатат. Буга чейин биринчи жана экинчи окууда мыйзам кабыл алынгандан кийинки коркунучтарды айттым. Аткени ички каттамдарга такыр жолтоо болбосок. Алгач өзүбүздүн авиацияны колдоо боюнча мыйзамды кабыл алсак дедик. Кайсы өлкөдө Ачык асман долбоору кантип кабыл алынганын жакшы билебиз. Эгерде мыйзам авторлор айткандай иштеп кетсе абдан жакшы болот. Муну убакыт көрсөтөт. Ошондуктан мыйзам боюнча өзүмдүн оюм бар. Күтө туралы, жыйынтык 6 айдын ичинде билинет.

Жергиликтүү авиакомпаниялар аталган долбоор ишке кирсе «банкрот болобуз» деп кооптонуп жатышат. Алардын келтирген жүйөөсүнө ылайык, мыйзам кабыл алынса, анда өлкөдө атаандаштык күчөп, майда компаниялар жабылып калышы мүмкүн. Ошондуктан аларды ички каттамдарга коюп, мамлекет колдоо көрсөтүшү зарыл. Анткени ички каттамдын чыгымы көп, кирешеси аз болгондуктан, эл аралык деӊгээлдеги ири авиакомпаниялар ага анчалык деле кызыга бербейт.

«Эйр Манас» компаниясынын башкы директору Талгат Нурбаевдин пикиринде, мыйзам жарандык авиацияга оор кырдаалды алып келет. Ошону менен бирге жергиликтүү команиялар авиарыноктон четтетилет.

-Учурда авиарыноктон четтетилүү доорунда жашап жатабыз. Мыйзам долбоору кабыл алынып эле калды десек болот. Биз азыр каттамдарды азайтып жатабыз. Айла жоктон учактарды кайрадан ээлерине кайтарып берүүгө туура келүүдө. Билишимче, башка авиа компанияларда учактарын сатууга алып чыгууда.

Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация департаментинин директору Курманбек Акышев мыйзам долбоору кабыл алынса, департамент жаңы тартип менен иштөөгө даяр деди. Анын айтымында, тиешелүү документтерге өзгөртүүлөр киргизилип, бардык эл аралык авиациялык уюмдарга билдирүү жасалат.

-Бул мыйзамдын кабыл алынуусуна бир жылга чукул иштеп жатабыз, даярбыз. Мыйзам кабыл алгандан кийин тиешелүү авиациялык документтерге өзгөртүүлөр киргизилет. Өзгөртүүлөр боюнча эл аралык уюмдарга билдирүүлөрдү жиберебиз. Буга жарым жыл убакыт кетет. Бирок өз убагында боло турган нерсе.

Ошону менен бирге жарандык авиация департаменти «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк» мыйзамдын алкагында айрым чакан аэробекеттер ижарага бере турганы, бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы белгилүү болду.

Кыргызстанда “Ачык асман” саясаты 2003-жылдан бери байма-бай көтөрүлүп, бирок ишке ашпай келе жатат. Жергиликтүү авиакомпаниялар 2006-жылдан бери Евробиримдиктин “кара тизмесинде».

ЖИА бизнес-ассоциациясынын төрагасы Темир Ажыкулов “Аба эркиндигинин бешинчи даражасы” ишке кирсе Кыргызстан үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр ачыларын айтып берди.

-Авиация тармагында тогуз даража бар. Биринчиси асмандан үчүп өтүү транзит уруксаты. Бул бардык өлкөдө бар. Экинчиси техникалык максатта, башкача айтканда күйүүчү май куюу үчүн токтотуу. Үч жана төрт эки тараптуу келишимдин негизинде каттамдардын учуусу. Ал эми бешинчи даража — башка өлкөдөн учкан учак Кыргызстанга келип, анда жүктү түшүрүп же алып, жүргүнчүлөрдү алып үчүнчү өлкөгө учуп баруу дегенди билдирет. Бул өнүккөн өлкөлөрдүн баарында бар. Америкага, Европага, Түштүк Азиянын чоң-чоң шаарларына түз каттамдарыбыз жок. Эгер мыйзам кабыл алынып, иштеп кетсе ал мамлекеттерге учууга жол ачылат. Ал үчүн чет мамлекеттердин ири компаниялары Кыргызстан аркылуу учууга кызыкчылыгы болушу керек.

Учурда Кыргызстан 9 өлкө менен аба каттамын жолго койгон. Ошентсе да, Борбордук Азиядагы авиациялык карым — катнаш абдан төмөн экенин адисттер белгилейт.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, өлкөдө азыр иштеп жаткан жергиликтүү “Эйр Манас”, “Авиатрафик”, “Тез жет” деген авиакомпаниялар бар. Алардын учууга жарактуу 17 учагы иштеп келет. Ал эми “Эйр Кыргызстан” ишканасы өкмөттүн чечими менен сатыкка коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM