Биз менен байланышыңыз

Терек-Сай айылынын дагы бир тургуну кармалды

Кыска кабар | 4 Дек 2018 | 484 | 0

Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылынын дагы бир тургуну кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИБнен билдиришти.

Маалымат боюнча, Юлдаш Даминов аттуу жаранды милиция кызматкерине кол көтөрдү деп 3-декабрь күнү кечинде кармап, облустук милиция башкармалыгына алып кетишкен.

Бул айып менен буга чейин 15 тургун кармалган. Анын бирин сурактан кийин кое беришкен.

Ушул тапта Терек-Сайда митинг уланууда. Алар менен облус жана райондун жетекчилери жолугушту.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM