Биз менен байланышыңыз

Президент Токон Мамытовду кабыл алды

Кыска кабар | 4 Дек 2018 | 465 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-декабрда Акыйкатчы Токон Мамытовду кабыл алды. Жолугушууда акыйкатчы Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 70 жылдыгына байланыштуу 10-декабрда Бишкекте өтө турган конференция тууралуу маалымат берди.

Ал ошондой эле анын кызматында аткарып жаткан ишмердиги жөнүндө кыскача айтып берип, жарандардан келип түшкөн арыздардын 70 пайызы сот, тергөө жана прокуратура органдарынын канааттандырарлык эмес жумушуна байланыштуу экенин маалымдады.

Президент Кыргызстандагы адам укуктарын коргоонун жана алдыга жылдыруунун маанисин белгилеп, алдыда болжолдонгон адам укуктары боюнча конференцияда каралчу маселелерди колдой турганын билдирди.

Ал сот, тергөө жана прокуратура органдарынын ишине байланыштуу Омбудсмен институтуна түшкөн арыздар дагы бир жолу бул тармактагы токтоосуз реформанын зарыл экендигин айгинелеп турганын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM