Биз менен байланышыңыз

Депутат: «Жундага» мунайды экспорттоого уруксат бериш керек

Күн чабыт | 4 Дек 2018 | 836 | 0

Орусиядан кошумча нарк салыгысыз күйүүчү май ташып келүү боюнча келишимге кол коюлбаса күйүүчү май кымбаттайт. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясы кабарлады. Мекеменин маалыматында, 2019-жылдын 1-январынан тарта мунай затын кошумча нарк салыгы жок ташып келүү токтоп калуу тобокелчилиги бар. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов бул маселе боюнча суроолорубузга жооп берди.

Марал: Сиздер айтып жаткандай, индикативдик келишимге кол коюлбаса күйүүчү майдын баасы канчага кымбатташы мүмкүн?

Канат Эшатов: Жыл сайын Орусиядан күйүүчү майды бажы төлөмүсүз ташып келүү боюнча түзүлгөн келишим жаңыртылып, бекитилет. Ага октябрь айында кол коюлушу керек элек. Быйыл бул келишим бекитиле элек. Ошондуктан биз Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинен бул келишимге кол коюуну тездетүүнү суранып жатабыз. Себеби биздин бирикмеге мүчө мунай сатуучу компаниялар 20-декабрга чейин Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдор менен келерки жылга карата келишим түзүшү керек.

Марал: Келишимге кол коюу эмне себептен кечигип жатат?

Канат Эшатов: Ташылып келинүүчү күйүүчү майдын көлөмү боюнча тактоо жүрүп жаткан. Ал такталгандан кийин биздин комитеттин төрагасынын орун басары башка кызматка которулуп кетти. Ошондуктан ыйгарым укуктуу киши болбой жатат.

Марал: Келишим боюнча Орусиядан Кыргызстанга канча көлөмдө, кандай баада күйүүчү май алып келиниши керек?

Канат Эшатов: Болжол менен айтып берейин, бир жылга 1 млн тонна алып келинет. Ал эми баалары ай сайын Орусиядагы заводдор аркылуу аныкталат. Алар дүйнөдөгү мунайдын баасына жараша аныкташат.

Марал: Учурда өлкөдө күйүүчү майдын баалары кандай?

Канат Эшатов: Бүгүнк күндө орточо эсеп менен Аи-82 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 41 сом 60 тыйын, Аи-92 43 сом 60 тыйын, Аи-95 46 сом, дизел отуну 46 сом 10 тыйын болууда. Айрым аймактарда бааларда айырма болушу мүмкүн.

Күйүүчү майдын бааларынын кымбатташы боюнча Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети маалымат берип, бул маселе жакында жолго коюларын кабарлады. Бир канча күндөн кийин комитеттин жетекчилиги Москвага барып, аталган документке кол коюлары да маалымдалды.

Негизи күйүүчү майдын баасын туруктуу кармоого болобу? Бул суроого Жогорку Кеңештин депутаты Абдимуктар Маматов жооп берди.

Марал: Күйүүчү майдын баасы кымбаттайт деп айтылып жатат. Бааны арзандата албасак да туруктуу кармап турууга рычаг барбы?

Абдимуктар Маматов: Бааларды туруктуу кармап туруу шартка жараша болот. Күйүүчү май өзүбүздөн чыкпагандыктан, импортко көз карандыбыз. Анын баалары дүйнөлүк рыноктогу абалга байланыштуу. Мисалы, мунайдын баррели 59 доллар болуп калды, буга чейин 83 доллар болуп келген.

Негизи биз өзүбүздүн мамлекетте күйүүчү майдын бааларын туруктуу кармап турууга аракет кылышыбыз керек.

Марал: “Жунда” заводу эмнеге иштебей турат, ал жакшы иштеп кетсе мунай менен ички рынокту жабууга болобу?

Абдимуктар Маматов: Менин жеке пикиримде “Жунда” заводу жакшы иштеп кетерине кепилдик жок. Себеби завод дагы четтен келе турчу чийки заттарга көз каранды. Быйылкы жылга индикативдик баланска 450 миң тонна чийки мунай затын алып келүүнү пландаштырдык эле, бүгүнкү күндө 1 кг да алган жок. Себеби алардын экономикасы ага туура келбейт. Ошондуктан Орусия бажы төлөмүсүз берип жаткандан кийин булар алып кайра иштетип, атаандаштык түзө албайт. Ичи рынокту күйүүчү май менен камсыз кылуунун башка жолун издөө керек.

Марал: Кандай жолду сунуштайт элеңиз?

Абдимуктар Маматов: Менимче, биз Орусия бере турчу 50 миң тонна чийки мунайдан баш тартышыбыз керек. Анын ордуна дизель отуну менен бензин алыш керек. “Жунда” заводуна сырьену өзү таап, өзү кайра иштетип экспортко чыгаруусуна уруксат бериш керек. Ошондо гана ички керектөөдө дизель менен бензиндин көлөмүн көбөйтүп алабыз.

Copyright © 2017 Maral FM