Биз менен байланышыңыз

Чаткал: Митингге чыккандар тарай элек

Күн чекит | 3 Дек 2018 | 943 | 0

Чаткал районунун Терек-Сай айылынын тургундары 2-декабрда милиция кармап кеткен жердештерин бошотуу талабы менен айылдын борборуна митингге чогулууда. Бул тууралуу айыл тургундары кабарлашты. Маалыматка ылайык, акцияга келгендер облустук ички иштер башкармалыгына «тергөөгө» деп алып кеткен 15 тургунун тез арада бошотууну жана аларга карата козголгон кылмыш иштерин токтотууну талап кылышууда.

Бул тууралуу бизге Терек –Сай айылынын тургуну Назгул Абдуллаева «Күн чекит» программасында айтып берет.

 -Учурда Чаткал районунун Терек-Сай айылында эмне үчүн чогулуп жатасыздар? Негизги талаптарыңыздар кайсы?

Терек-Сай айылында түрктөрдүн  “Эти Бакыр Терек-сай” деген фирмасы иштейт. Бул биздин жерден алтын алып келатканына эки жыл болду. Мындан улам биз бир катар талап менен чыгып жатабыз.

Биринчиси, жергиликтүү элди фабрикага албай жатат. Экинчиден, айылдын үстүндөгү дамбаны толтуруп жатышат. Эгер дамбадан суу ашып кете турган болсок, айылды жууп эле кетет. Үчүнчүсү, түрк компаниясы Терек-Сай айылын толук тосуп алып, мал-жандыктарды өткөрбөй жатышат. Мына ошондон ызы-чуу чыкты. Биздин баланы компаниянын кароолчусумун деген бала сабап салды. Ага жинденген ондон ашык бала барып, ортодо тополоң чыгып кетти. Анан кароолчуну сабаганга аракет кылган деп биздин 15 баланы кармап кетишти. Эми аларды коё бермейинче ушул жерде тура беребиз.

-Түрк компаниясы менен маселе качантан бери чыгып келет?

Бул окуя бир ай мурун эле башталган. Митинг уланып эле келатат. Кечээки окуядан соң 15 баланы Жалал-Абадга алып кетишти. Артынан ата-энелер, Чаткалдын акими, Терек-Сайдын айыл өкмөтү кошо чыгышкан. Азыр эч кандай маалымат жок.

Бул жерде канча адам турат ?

Азыр бул жерде 300дөй адам турабыз. Эми биздин балдарды кое бермейинче эч кайда кетпейбиз. Мыйзамды бузган жокпуз. Балдарыбызды кое берсе эле тарамакпыз.

-Сиздердин мындан аркы кадамдарыңыздар кандай болот?

Түрктөр жакында фабрика курушат. Бирок биз ага толук каршыбыз. Ошол үчүн 500 адамдын толун топтоп бергенбиз. Бул фабрика иштебей эле койсун! Биз таптакыр каршыбыз!

Маегиңизге рахмат!

 

Copyright © 2017 Maral FM