Биз менен байланышыңыз

Майыптарга мамлекетке караганда эл аралык уюмдар күйүмдүү

Күн чабыт | 3 Дек 2018 | 1448 | 0

Бүгүн, 3-декбарда Кыргызстанда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнү белгиленет. 1992-жылы Бириккен улуттар уюмунун генералдык ассамблеясы 3-декабрды Эл аралык майыптар күнү деп жарыялаган. Бул күндүн максаты, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коомдун түзүмүнө киргизүү, өнүктүрүү, аларды колдоо болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген аялдардын эмгек укугу корголобу, ушул жагдай боюнча «Мүмкүнчүлүгү чектелүү аялдардын эмгек укугун коргоо» уюмунун жетекчиси Үкөй Мураталиева суроолорубузга “Күн чабыт” программасында жооп берди.

Марал: Учурда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген аялдардын эмгек укугу кандай корголуп жатат?

Үкөй Мураталиева: Эң биринчиден, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар канчалык деңгээлде жумуш менен камсыз болуп жатышат деген суроону өзүбүзгө беришибиз керек. Бул чечилбей келген кыйын суроо. Ошондуктан көптөгөн коомдук бирикмелер бул жоопкерчиликти мойнуна алып жумуш ордун ар кыл тармакта түзүп жатышат.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар мамлекеттик мекемелердеги жамааттын 5 пайызын түзүшү керек деген мыйзамды айтып, күчтөндүрүш керек деп келе жатабыз. Ошол эле майыптардын укугу боюнча эл аралык конвенцияны ишке ашыруу жөнүндө талапты айтып келебиз.

Мен 2011-12-жылдары Социалдык өнүгүү министрлигинде иштегем. Ошол убакытта деле мекемеде жалпысынан 100гө жакын мүмкүнчүлүгү чектелген жаран иштечү. Азыр деле мындан өзгөрүү болуп кете элек. Демек, өзгөрүү болгон жок. Тескерисинче, өз алдынча аракет кылып келе жатабыз.

Марал: Мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар кайсы тармактарда иштешет?

Үкөй Мураталиева: Мисалы, коомчулукта абдан кенен жайылып жаткан IT адистиги бар. Бул багытта билим алып, курстарга катышып жатышат. Себеби ал заман талабы, отуруп иштөөгө да ыңгайлуу. Мындан тышкары, тигүү цехтеринде иштешет. Тамак-ашка байланыштуу чакан фирмалар да пайда болууда. Анын ичинде биз 8 мүмкүнчүлүгү чектелген айымга жумуш ордун түзүп, 5 жылдан бери өзүбүздүн мастерскоюбузду ачып иштетип келебиз.

Марал: Мамлекеттик заказдар түшөбү?

Үкөй Мураталиева: Мамлекеттик деңгээлдеги буюртмалар аз. Тескерисинче, биздин өнөктөштөр болгон эл аралык уюмдар, фонд, жеке ишкерлерден буюртмалар түшүп, ишибиз жүрүшүүдө.

Марал: Бул чакан ишиңиздер боюнча мамлекеттен кандай колдоо көрүп жатасыздар?

Үкөй Мураталиева: Өткөн жылдары “мамлекеттик социалдык заказ” деген бар эле, ошол аркылуу каржылоо алып, долбоорубузду бутуна тургузганбыз. Бирок көбүнчө өзүбүздүн эле өнөктөштөргө таянабыз.

Биз көбүнчө кол баштыктарын тигебиз. Алар толук натуралдык кездемеден тигилет. Буюртмага жараша өзгөчө дизайнда, же кадимкидей эле кол баштыктар тигилет. Муну менен катар, мүмкүнчүлүгү чектелген аял балалуу болсо аларга колдоо көрсөтүү максатында “бейби бокс” деп аталган ымыркайларга арналган сеп тиктик. Бул жылы да долбоор улантылып келе жатат.

Copyright © 2017 Maral FM