Биз менен байланышыңыз

2019-жылдын бюджетинде артыкчылык барбы?

Экономика | 30 Ноя 2018 | 780 | 0

Парламент депутаттары өкмөттүн 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды.

Өкмөт 2019-жылга каралган республикалык бюджет узак мөөнөттүү, туруктуулукту камсыз кылган жана натыйжалуу башкаруу максатында иштелип чыкканын айтууда.

Ошону менен  бюджеттин кирешеси келген гранттардын негизинде 151 миллиард 454 миллион сомду же ИДПнын 25 пайызын түздү. Мындай көрсөткүч өтүп бараткан 2018-жылдын номиналдуу көрсөткүчүнөн 7,5 пайызга жогору дегенди айгинелейт.

Чыгаша бөлүгү каржылык активдерди эске албаганда 161 миллиард 710 миллион сомду түздү, же ИДПнын 26,7 пайызына туура келди. Бул 2018-жылдагы көрсөткүчтөн  561,3 млн сомго көп.

Ал эми бюджеттин тартыштыгы болсо, 10 миллиард сом деп эсептелди.

Өзгөчөлүктөрү:

2019-жылдын бюджетинде негизги алты өзгөчөлүк камтылды. Аны Каржы министри Адылбек Касымалиев айтып берди.

Экономикалык классификациялар боюнча бюджеттин чыгымдары бириктирилген деңгээлде түзүлдү. Бүгүнкү күнү бул төрт белги менен түзүлүп жатса, эми аны үчкө түшүрүү менен сунуштап жатабыз. Мында министрликтер менен ведомстволор экономикалык классификациялар боюнча 61 белги менен отчет берип жатса, эми ал 22ге чейин азаят.  

Экинчиси, ар бир министрликте же мекемеде бюджетти бөлүштүрүүчүлүк укук берилди. Мындан сырткары бюджеттин акчасын бир беренеден экинчиге которуу жоюлду. Тагыраагы, буга чейин каражат квартал сайын берилип келсе, азыр жалпы бир гана жылга бөлүнөт.

Ошондой эле жергиликтүү бюджеттерди бөлүштүрүү боюнча өзгөрүүлөр жана жеңилдиктер камтылды. Жергиликтүү салыктардан түшө турган кирешелердин көлөмү 50 пайыздан 70 пайызга көтөрүлөт. Анын эсебинен 2 миллиарддан ашык акча жергиликтүү бюджеттерде калтырылат.

Анткен менен кайра сатуудан алынчу салыктын 50 пайызы республикалык бюджетке которулмай болду.

Эң чоң кадам дагы дал ушул фискалдык саясатта жасалаарын премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев айтты. Натыйжасында көмүскөдө иш алып баргандар ачыкка чыгарылат.

2019-жылы эң чоң иш фискалдаштыруу багытында болот. Биздин оюбуз боюнча ошол жерден абдан чоң көмүскөдө турган каражаттар чыгат. Биринчиден туура эмес төлөнүп жүргөндөрдү ачыктайбыз. Ошону менен көмүскө экономиканын көлөмүн кыскартышыбыз зарыл. Экинчиси фискалдаштыруу саясаты мыйзамды аткарып жаткандарды коргоп, контрафакттык товар чыгарып жаткандарды жок кылышыбыз керек.  

Экономисттердин эсептөөсү боюнча бүгүнкү күнү Кыргызстанда жүрүп жаткан бизнестин дээрлик 60 пайызы көмүскөдө иш алып барат. Бирок аны ачыкка чыгаруу өтө оор экенин экономист Айылчы Сарыбаев айтууда. Себеби дал ошол көмүскөнүн артында карапайым эл эмес, чиновниктер турат. Мындан улам «карга-карганын көзүн чукубайт» саясаты жүрүшү мүмкүн.

Көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, ошонун эсебинен салыктык түшүүлөрдү көбөйтөбүз дегени жакшы. Эгер чын эле ушул демилгени ишке ашыра алышса. Бирок мен буга ишене албайм. Аткени өкмөт расмий документте эле Кыргызстанда бизнестин 37-40 пайызы көмүскөдө деп көрсөтүп жатат. Бирок реалдуу ал 40 пайыз эмес, 60-65 пайызга жетет. Бирок ачыктыкты камсыз кылуу бир эле президенттин же премьер-министрдин колунан келбейт. Ошондуктан бул жерде коррупцияга каршы күрөш жалпы жүргүзүлүүгө тийиш.

Ошол эле кезде Жогорку Кеңештин бюджет жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Эмил Токтошев салыктык жактан берилген жеңилдиктерди кыскартуу сунушу менен чыкты. Себебин төмөнкүчө түшүндүрдү.

Бюджеттин 60 пайызы дагы деле импорт түзүп жатат. Салык жана бажы кодекстердин негизинде берилген жеңилдиктер жана салыктык бошотуулардын көлөмү 30 млрд сомго жетип калды. Бул бюджеттин салык кирешелеринин 30 пайызын түзөт. Алдыда айрым жеңилдиктер менен салыктык бошотууларды жоюуга туура келет. Анткени жеңилдиктер берилген менен алардын таасири экономикада такыр байкалбай келет.

Кошумчалай келсек, 2019-жылы өлкөнүн өнүгүүсү жана тышкы карыз үчүн резервдик фондду түзүү дагы бар. Эл өкүлү Дастан Бекешев ага бюджеттеги каражаттын 10 гана пайызын топтоо менен натыйжалуу жыйынтыкка жетсе болоорун белгилейт.

Мен бир сунушту бергим келет. Канчалык оор болсо дагы резервдик фонд ачалы. Ага каражаттын 10 пайызын бөлөлү. Анын он пайызын өлкөнүн өнүгүшүнө дагы 10 пайызын тышкы карызды жабууга жумшайлы. Ошондо 5 жыл ичинде биз бир топ эле каражатты жыйнап алабыз.

Буга өкмөт башчы келерки жылдын башынан дал ушул максаттагы фонд ишин баштаарын жана ал өнүгүү долбоорлоруна жумшала турганын айтты.

Мындан тышкары 2019-жылы өлкөнүн ички дүӊ өнүмүнүн өсүшү 4 пайыздын тегерегинде боло турганы белгилүү болду.

Республикалык бюджеттин 60 пайызы социалдык багытта жумшалат.

Эми бул долбоорго президент кол койгон күндөн тартып өкмөт аткарууга киришмекчи.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM