Биз менен байланышыңыз

Эрдоган менен Трамп Сирия маселесин талкуулашат

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Буэнос Айрестеги саммиттин алкагында америкалык кесиптеши Дональд Трамп менен Сириядагы күрддөрдүн маселесин сүйлөшүүнү пландоодо.

Сириянын Манбиж районундагы Америка коргогон күрд күч түзүмдөрү 2016-жылы аймакты ИШИМ террордук тобунан тазалап, сүрүп чыккан. Июнь айында Анкара менен Вашингтон Манбиждеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча жол картасын түзүп, келишимге кол коюшкан. Ага ылайык Манбиждеги күрд күчтөрү аймактан чыгарылышы керек. Себеби Анкаранын билдиришинче дал ошолор Түркиядагы тыюу салынган Күрд эмгекчилер партиясын (PKK) колдошот. Бирок Эрдоган бир нече жолу өз сөзүндө Американы келишимди аткарбай жатат деп күнөөлөгөн.

Анткен менен расмий Дамаск АКШ менен Түркиянын аталган аймакка кирүүсүн каалабайт жана уруксат бербейт.

Кошумчаласак, Манбиж Сириянын түндүгүндө Түркия менен чектешкен аймакта жайгашкан район. Тургундары негизинен күрд улутундагы элдер. Түркияда күрд түзүмдөрүнүн барына тыюу салып, аларды жикчилдикке жана терроризге айыптап келген Эрдоган коңшу Сириядагы жана Ирактагы күрд коомдору аларга колдоо көрсөтүүдө деген жүйө менен үзгултүксүз аскердик чабуулдарын жасап келет. Күрд тарап болсо Анкаранын мындай саясатын этникалык азчылыктын укугун тебелөө, зорук-зомбулук катары баалоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM