Биз менен байланышыңыз

Президентке кайрылган жарандын арызы иликтенүүдө

Кыска кабар | 30 Ноя 2018 | 492 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылган жарандын арызы карала баштады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

2018-жылдын 24-ноябрында КТРК телеканалында видеосюжет көрсөтүлүп, анда Бактияр Самыйбек уулу аттуу жаран  ички иштер органдарынын кызматкерлерине аракеттерине арызданган. Ал Бишкек шаарындагы Ленин ИИБнин № 1-шаардык милиция бөлүмүндө ага карата күч колдонуп, уюлдук телефонун сындырып салышканын айткан.

Арыздын негизинде кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, материалдар Ленин райондук прокуратурасына жөнөтүлгөн. Ленин райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгогон. Ишти иликтөө УКМКга тапшырылган.

6-ноябрда экспертиза аяктап, Бактияр Самыйбек уулунун айткандарын ырастаган бүтүм чыгарылган. 26-ноябрда жогоруда аталган кылмыш иши боюнча иликтөө кайрадан жандандырылды.

Иликтөөнүн жана  мындан аркы соттук териштирүүнүн жүрүшү Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын көзөмөлүндө болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM