Биз менен байланышыңыз

Жураев: Атамбаевди сындагандар жаңы партия түзүшү ыктымал

Күн чекит | 29 Ноя 2018 | 903 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина КСДПнын мүчөлөрүнө кайрылып, партиянын лидери Алмазбек Атамбаев менен иштешүүнү каалабагандарды партиядан чыгып кетүүгө чакырды.

Ал арада аймактарда «Атамбаевсиз КСДП» урааны менен жыйындар өтүүдө.  Бүгүнкү күнү КСДПдагы кырдаал жана партиянын мындан аркы келечеги тууралуу саясат таануучу Эмил Жураев «Күн чекит» программасында айтып берди.

КСДПнын айланасында кырдаалды учурда кандай баалап жатасыз?

Бул партиядагы кырдаал Кыргызстандагы саясий партиялардын дараметинен, алардын бүгүнкү турумунан кабар берет. КСДП үчүн жеке кишилердин аралашканы гана өзгөчө болбосо, буга чейинки болуп келген бөлүнүп-жарылуу, партиялардын институт болуп калыптанбай калганынын белгиси. Анын мааниси, саясаттагы ролу бизге дагы деле бүдөмүк жана алардын аралашып кеткенин көрсөтөт.

-Учурда Атамбаев партияны тазалоо аракетин көрүп жатса, кайсы бир топтор «Атамбаевсиз КСДП» урааны менен чыгып жатышат. Эми ким жеңиши мүмкүн?

КСДПны  буга чейин болуп келген окуялар менен эстесек… «Алга Кыргызстан», «Ак Жол» партиялары болгон. Аларга салыштырмалуу, албетте, КСДПнын тарыхы, түптөлгөн убактысы узун болгон. Ошондуктан буга чейин партиянын деңгээли башкача деп жүргөнбүз. Бирок акырында кайра эле жогоруда санаган эки партиядай бөлүп-жарылганын көрүп, биздеги партиялардын эң чоң илдети бул-алардын бийликке келгенде же лидери президент болуп шайланганда партияны курмандыкка салары белгилүү болуп калды. Алардын жекече институт катары сакталбаганынан кабар берет. Алмазбек Атамбаев дагы 6 жыл бийликте отурганда КСДПнын толук бийликтин партиясына айлантып койду. Ал бийликтен кетери менен эки президенттин мамилесине жараша партия ичинен экиге бөлүнүп, ортодо партия жабыркап отурат.     

-Эми партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаев кайрадан түптөйбү же тескерсинче Атамбаев чыгып калабы?

Менимче, Атамбаевди бул партиядан кетиришпейт. Анткени партиянын расмий лидери Алмазбек Атамбаев болуп калды. Ошондуктан эң эле чечүүчү кадамга барганда партиянын көп мүчөлөрү, лидерлери дагы бөлүнүшөт жана экс-президентти сындагандар жаңы канатты түптөшү мүмкүн. Алар КСДПнын жаңы версиясын ачуу боюнча кандайдыр бир чечимге келет.   

-Бул жерде бийликтин таасири канчалык болушу мүмкүн?

Албетте! Бийликтин таасири эң эле чоң. Себеби партияны бөлүнүүгө алып келген дал ушул бийлик фактору болуп калууда. Азыркы кезде чоң-чоң саясатчылар позицияларын өзгөртүүдө.

-Маегиңизге рахмат!

Copyright © 2017 Maral FM