Биз менен байланышыңыз

Чарчап калган баланын атынан башка жаранга паспорт берилген

Кыска кабар | 29 Ноя 2018 | 671 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы паспорт жана элди каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери төрт чет өлкөлүк жаранга паспортту мыйзамсыз берүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

ИИМдин криминалдык милиция кызматынын ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында, жасалма документтердин бири 1993-жылы туулган Давлатхожа Шавкат уулунун атына берилгени аныкталды. Документ алчу адамдын катыштыгы жок эле туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн негизинде жасалган. Ал эми күбөлүктүн ээси Жалал-Абад облусунда 1993-жылы туулуп, 1995-жылы эки жашында оорудан улам чарчап калганы белгилүү болду.

Бул маалыматты жергиликтүү бийлик жана маркумдун ата-энеси тастыктаганын ИИМден кошумчалашты.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, Аламүдүн районундагы паспорт жана элди каттоо бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси О.У., кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM