Биз менен байланышыңыз

Күбө: Бишкек ЖЭБиндеги авария персоналдын катасынан улам чыкты

Кыска кабар | 29 Ноя 2018 | 703 | 0

Бишкек жылуулук электр борборундагы авария персоналдын катасынан улам келип чыкты. Мындай маалыматты соттук отурум учурунда Улуттук энергохолдинг компаниясынын башкармалыгынын башчысы Таалайбек Байгазиев билдирди.

Учурда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча Айбек Калиев, Темирлан Бримкулов, Бердибек Боркоев, Узак Кыдырбаев, Нурлан Өмүркул уулу, Нурлан Садыков, Нургазы Курманбековдорго карата ачылган иш боюнча соттук териштирүү жүрүүдө. Байгазиев анда күбө катары суралууда.

Бримкуловдун жактоочусу ЖЭБдеги аварияга себеп болгон жагдайларга кызыкты. Байгазиевдин айтымында, персоналдын туура эмес аракетинен улам чыкканы жөнүндө чечим дагы бар.

«Мен инженермин. Ал жерде жылуулуктун деңгээлин төмөндөтүп, станциянын ишин турукташтыруу керек эле”- дейт Байгазиев.

Эске салсак, Бишкек жылуулук электр борборунда былтыр авария болуп, шаар тургундары дээрлик бир жума жылуулуксуз калган. Борборду модернизациялоого бөлүнгөн 386 млн доллардын сарпталышында коррупциялык көрүнүштөр бар экендиги айтылып, ага байланыштуу бир топ жетекчилер камалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM