Биз менен байланышыңыз

30-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 29 Ноя 2018 | 496 | 0

30-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 18-23 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз +9…+14 кечке жуук 0…+5;

Таласта түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…12;

Ош, Жалал-Абад жана Баткенде түнкүсүн -1…+4, күндүз +9…+14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…-6, күндүз +2…+7;

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…+5 градус болот.

Бишкекте 30-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөй. Күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын табы 0…+2°, күндүз +11…+13°. Кечке маал +2 градуска чейин төмөндөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM