Биз менен байланышыңыз

Жолдошбаев: Ашырбек Мойдунович, пенсияга чыгууну ойлонуңуз

Кыска кабар | 29 Ноя 2018 | 930 | 0

Депутат Камчыбек Жолдошбаев өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаевге пенсияга чыгууну сунуштады. Ал өлкөдө 30дан ашык премьер-министрлер алмашса да Темирбаев иштеп келе жатканын айтат.

Сиз өкмөттүн өкүлүсүз, бул жерде депутаттар көтөргөн маселелерди тактап, өкмөткө жеткиришиңиз керек. Сиз биздин айткандарды укпай да калып жатасыз. Андай болсо акырын эле пенсияга чыгыш керек. Ленинден кийин Брежневдин убагына чейин иштеген Микоян деген бар эле, сиз да ага окшошпоңуз”, — дейт депутат.

Ашырбек Темирбаев 66 жашта. Ал өкмөттүн парламенттеги туруктуу өкүлү болуп 2012-жылдын 7-сентябрында дайындалган.

Темирбаев Ашырбек Мойдунович

1952-жылы Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында туулган.

Билими жогору. 1975-жылы кен инженери адистиги боюнча Фрунзедеги политехникалык институтту, 1990-жылы Ташкенттеги Жогорку партиялык мектепти, 1997-жылы юриспруденция адистиги боюнча Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүткөн.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1973-1973-жж. — Челябинск облусундагы Бакал шахта башкармасы, өткөөлчүнүн жардамчысы

1974-1974-жж. — Кемеров облусундагы Дзержинский атындагы шахта, өткөөлчүнүн окуучусу

1975-1980-жж. — “Таш-Көмүр” шахта башкармасы, өткөөлчү, кен мастери, участоктун начальнигинин орун басары

1980-1980-жж. — Таш-Көмүр” шахта башкармасынын комсомол комитетинин секретары

1980-1984-жж. — Кыргазстан КПнын Таш-Көмүр шааркому, өнөр жай бөлүмүнүн башчысы

1984-1987-жж. — Кыргызстан Компартиясынын БК, уюштуруу бөлүмүнүн инспектору

1987-1987-жж. – Кыргызстан Компартиясынын БК, уюштуруу бөлүмүнүн инспектору

1987-1991-жж. — Кыргызстан Компартиясынын БК экинчи секретарынын жардамчысы

1991-1991-жж. — Кыргызстан КПнын Таш-көмүр шааркомунун биринчи секретары

1991-1991-жж. — Таш-Көмүр шаар кеңеши, төраганын орун басары

1991-1993-жж. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети, Төраганын жардамчысы

1993-1995-жж. — КР Жогорку Кеңешинин Президиуму, Аппарат жетекчиси

1995-1996-жж. — КР Жогорку Кеңеши, Аппарат жетекчиси

1996-2005-жж. — КР Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны, Аппарат жетекчиси

2005-2008-жж. — КР Жогорку Кеңеши, Аппарат жетекчиси

2009-2009-жж. — КР Өкмөтүнүн Аппараты, Жетекчинин орун басары

2009-2011-жж. — КР Өкмөтүнүн КР ЖКдагы Өкүлчүлүгү, Өкүлдүн орун басары

2011-2012-жж. – Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Иш башкаруучу

07.09.2012-ж. — КР Өкмөтүнүн КР Жогорку Кеңешиндеги Туруктуу өкүлү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары рангында

Кошумча маалымат:

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чини бар.

Сыйлыктары: «Манас-1000» юбилейлик медалы, «Даңк» медалы, КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын Ардак грамотасы.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM