Биз менен байланышыңыз

Прокуратура: Шектүү прокурорду кокусунан атып алган

Кыска кабар | 29 Ноя 2018 | 643 | 0

Мелис Калыков Баткен облусунун прокурорун кокусунан атып алган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын Башкы прокуратуранын ыкчам-издөө ишмердүүлүгүн тескөө боюнча башкармалыгын башчысы Замир Бейшекеев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, прокурордун өлүмүнө шектүү адвокаттын катышуусунда көрсөтмө берди жана анын айткандары камерага тартылып алынды.

«Мелис Калыков жолдо прокурор экөө айтыша кетип, мушташууга чейин барышкан. Ал учурда аңчылык кылган мылтыгы менен прокурордун башына кокусунан атып алган. Коркуп кетип, тамеки тартып, анын чогуна курткасы өрттөнүп кеткен. Курткасын прокурордун денеси жакка ыргыткан. Ошол учурда ал мас болгон«.

Шектүүнүн көрсөтмөсүнөн тышкары бир топ далилдер бар экени айтылды.

Шектүү абакта милиция тарабынан кыйноо болгонун айтып, денесиндеги көгала тактарды көрсөткөн. Башкы прокуратуранын маалыматында ал прокурор менен мушташканда алган жаракат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM