Биз менен байланышыңыз

Мирбек Атабеков адал той берди

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков 27-ноябрда жубайы Мээрим Төлепберген экөө уулу Адамды сүннөткө отургузуп, кызы Ыйманга жентек той берип кош маараке өткөрүштү. Тойго ырчынын тууган-туушканы, кайын журту, достору, кесиптештери келишти.

Той ырчынын балдарына арнаган чыгармасы менен ачылды. Залга Мирбек Атабеков кызын, ал эми жубайы Мээрим уулун алып чыкты.

Тойдун биринчи бөлүгүн алып баруу милдети Канай Анаркуловго берилип, ал бөлүктө каалоо тилектер айтылып, кыргыз эстрада жылдыздары сахнага жаңы чыгып жаткандагы чыгармаларын аткаргандыгы менен өзгөчөлөндү. Мисалы, Султан Садыралиев менен Акбар Сүйүнбаев — «Махабатым», Ильяз Абдразаков — «Арманым», Темир Назаров — «Туулган жер», Омар — «Baby let me», Нурлан Насип — «Аралаба» аттуу ырларын ырдашты.

Экинчи бөлүктүн алып баруучулук тизгинин тамашоучу, актёр Самат Эркинбеков алып, конокторду ойнотуп, белектерди ыйгарып шоу тартуулады.

Ал эми тойдун үчүнчү бөлүгү кайрадан Канай Анаркуловго тапшырылды. 300дөн ашуун мейман катышкан бул тойдо арак-шарап коюлбай адал болду. Бул тойдун дагы бир өзгөчөлүгү устукан тартылган жок. Бул көрүнүштү тойдун конокторунун көпчүлүгү жактырып «үлгү алчу той» деп баа беришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM