Биз менен байланышыңыз

Зулушев: Президенттин кол тийбестиги толук алынат

Күн чекит | 27 Ноя 2018 | 1170 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердиктери жөнүндө» мыйзамынын 12-беренесин алып салуу боюнча мыйзам долбоорун жактырып, комитет мүчөлөрү аны бир добуштан колдошту. Аталган мыйзам колдонулуп жаткан Конституциянын нормаларына каршы келип, бүгүнкү күнү мазмунуна жооп бербей калганын айткан комитеттин мүчөсү, жаңы мыйзам долбоордун авторлорунун бири Курманкул Зулушев менен «Күн чекит» программасында маек курдук.

Марал: Сиздер сунуштаган мыйзам долбоорунда кандай өзгөчөлүктөр бар?

Курманкул Зулушев: Демилгечилердин сунушу боюнча бул долбоордо 12 беренеге өзгөртүү киргизилип жатат. Анда учурдагы президенттин ар-намысын коргоо, анын кол тийбестиги жана экс-президенттин ар-намысын коргоо, кол тийбестиги, алардын үй-бүлөсүн материалдык жактан мамлекеттин камсыздоосу сыяктуу маселелер каралып, тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилди. Бул биринчи окуудагы концепция. Эми палатага сунушталса ал жердеги тараптардан келген сунуштарды эске алуу менен дагы кошумча-алымчалар болот. Бул долбоордун негизги өзгөчөлүгү 4-12-беренелеринде президенттин эч кандай кол тийбестиги жок болот.

Марал: Тактап айтканда, эгер бул мыйзам долбоору кабыл алынчу болсо президенттерде эч кандай кол тийбестик калбайт экен да? Ал эми анын үй-бүлөсүнө каралган мүмкүнчүлүктөрчү?

Курманкул Зулушев: Ооба. Эгер мыйзам долбоору палатада кабыл алынса президенттик ишмердүүлүгүндо эч ким кол тийбестикке ээ боло албайт. Ошол эле учурда президент жана анын үй-бүлөсү, жашы жете элек үй-бүлө мүчөлөрү мамлекеттин камсыздоосунда болот. Ал эми, эгерде кандайдыр бир кылмыш иши козголуп, айыбы угузулуп, далилденсе анын экстик макамы алынат дагы, мамлекеттик материалдык камсыздоодон ал дагы, үй-бүлөсү дагы ажыратылат.

Марал: Коомчулукта аталган мыйзамга өзгортүүлордү киргизүү демилгеси Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевке каршы жасалган кадам катары бааланып жатат. Иш жузундө кандай? Учурдагы же келечектеги президенттерге деле өкүмү өтөбү?

Курманкул Зулушев: Албетте. Эгер бул долбоор кабыл алынса, арка карай иштейт, тагыраагы 2007-жылга чейин барат. Экс президенттик макамы барлардын кандайдыр бир кылмышы аныкталса ага да колдонулат. Андан кийин келечектеги президенттерге да иштейт. Бүгүнкү күндө экс-президентте эч кандай кол тийбестиги жок. Мыйзам менен да корголгон эмес. Тиешелүү жоопкерчиликтерге тартууга толук мүмкүн.

Өзүңүздөргө маалым болгондой, жакында Конституциялык сот чечим чыгарды. Алар дагы биз айткан 12-берене бүгүнкү Конституцияга каршы келет деген корутундусун жарыялашты. Демек, бүгүнкү күндө экс-президентте эч кандай кол тийбестик же тоскоолдук жок, жоопкерчиликке тартса болот. Биз кабыл алган мыйзам менен кандайдыр бир кол тийбестиктер каралуусу мүмкүн. Аны экинчи окууда көрөбүз. Азырынча кошулган жок.

Марал: Бул өзгөртүүлөр боюнча Конституциялык палата менен сиздердин комитеттин чечимдери бирдейби? Айырмачылыктар барбы?

Курманкул Зулушев: Айырма бар, албетте. Биз өзүңүздөргө маалым болгондой бул маселе боюнча «Марал» радиосуна бир нече жолу барып, маек бергенбиз. Бул мыйзам долбоорун 30-май күнү Жогорку Кенештин сайтына жайгаштырып, коомдук талкууга койгонбуз. Талкууда тургандан кийин биз аны Жогорку Кеңештин төрагасына кароого жөнөттүк. Ал болсо тиешелүү комитетке жиберип, сентябрда каралды. Ал эми Конституциялык сот октябрь айында карап, чечим кабыл алды. Алар 4-12-беренени алып салууну сунушташты, эми экинчи окууда Конституциялык палатанын чечимин да талкууга алабыз. Соңку чечимди мыйзам чыгаруучулар чыгарышат.

Copyright © 2017 Maral FM