Биз менен байланышыңыз

“Кыргыз темир жолу” мамлекетке 360 млн сом карыз

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Ноя 2018 | 999 | 0

“Кыргыз темир жолу” ишканасы мамлекетке 360 млн сом карыз. Бул тууралуу аталган мекеменин директорунун орун басары Кубан АсанбековМарал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ишкана мамлекетке 2016-2017-жылдары карыз болгон. Эми ал график менен төлөнөт.

«2011-жылы республикалык бюджетте карыздар көп болгондуктан мекеменин таза кирешесинин 50% мамлекетке төлөө боюнча чечим чыккан. Биз жылына 500 млн сомдон 1 млрд сомго чейин таза киреше табабыз. Тапкан кирешени ишкананы өнүктүрүүгө жумшайбыз», — дейт Асанбеков.

Ал “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчиси алмашкандан бери коррупция маселеси биринчи орунга чыкканын, мекеме Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча планын ишке ашырууга аракет кылып жатканын белгиледи.

Асанбеков буга кошумча, “Кыргыз темир жолу” ишканасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү айтып чыккан коштоочу Алия Асанбаеванын айткандары боюнча түшүндүрмө берди.

«Асанбаеванын айтканы мурунтан бери келе жаткан коррупциялык схема окшойт. Азыр ага чара көрүп жатабыз. Кыргызстандын аймагында билетсиз жүргүнчүлөр жок. Кызматкерлерге талаптарды күчөттүк. Эми Орусия менен Казакстандын ревизорлору да көзөмөлгө алышы керек. Темир жол бекетиндеги ортомчуларды жоюу аракети болуп жатат. Ортомчулар жүргүнчүлөрдү Луговой станциясына чейин алып барат, бул схемаларды билебиз. Аны жоюу боюнча Орусия менен Казакстандын темир жолчуларына дагы кат жибергенбиз», — дейт Асанбеков.

Эске салсак, ушул жылдын август айында Алия Асанбаева «Кыргыз темир жолу» ишканасында коррупциялык иштер бар экенин айтып президент Сооронбай Жээнбековго кайрылган.

Асанбаева 2007-жылдан бери алыскы каттамга чыккан коштоочу болуп иштейт. Анын айтымында, поезддин начальниги адамдарды билети жок салып кетип, анын айынан төрт айда мамлекет 3 миллион сом зыян тарткан.

Copyright © 2017 Maral FM