Биз менен байланышыңыз

Кара-Сууда 31 окуучу мушташып, бирөө жабыркады

Кыска кабар | 27 Ноя 2018 | 849 | 0

Ош облусунун Кара-Суу районунда 30дай мектеп окуучусу мушташып, аларды милиция кармап кетти. Ош облустук ички иштер бөлүмүнө 22-ноябрга караган түнү 23.30 чамасында окуучулардын массалык мушташуусу тууралуу маалымат түшкөн.

Мушташкандар 2002-2003-жылы туулган балдар. Алардын ичинен Жоош айылынын тургуну Н. уулу Н., жабыркап, денесинин көп жеринен миздүү предмет менен жаракат алган. Ал Кара-Суу аймактык ооруканасына жеткирилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда абалы туруктуу.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мушташкан 31 бала Жоош жана Сарай айыл өкмөтүнүн 10-11-классынын окуучулары экени аныкталды. Аларга эскертүү берилип, тиешелүү мекеменин кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө башталды. Иликтөөнүн жыйынтыгында окуяга юридикалык баа берилери айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM