Биз менен байланышыңыз

Минск: Абылгазиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат

Кыска кабар | 27 Ноя 2018 | 412 | 0

Бүгүн, 27-ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Минск шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат.

Анда Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин кызматташуусун бекемдөө маселелери каралат. Анын ичинде биримдиктин санариптик күн тартибин ишке ашыруу, финансылык рыноктун концепциясын иштеп чыгуу сыяктуу темалар талкууланат.

Ошондой эле, ЕАЭБдин 2019-жылга бюджети, 2017-2018-жылдары ички рынокто тоскоолдуктарды четтетүү боюнча отчету угулат.

Кеңешменини жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Абылгазиев Минск шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы парктын салтанаттуу ачылышына катышат. Ошондой эле өндүрүш менен алектенген бир катар ишканаларга барат.

Өкмөт башчы менен барган делегациянын тизмеси:

-Премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев;

-вице-премьер-министр Жеңиш Разаков;

-Жогорку Кеңештин депутатттары Акылбек Жапаров, Алмазбек Эргешов;

-КРнын Беларустагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев;

-Экономика министри Олег Панкратов;

-Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев;

-Өкмөттүн Евразиялык экономикалык биримдиктеги иштер боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков;

-Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM