Биз менен байланышыңыз

Өспүрүмдүн телефону жарылып кетип, денесинен күйүк алды

Кыска кабар | 26 Ноя 2018 | 812 | 0

Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Кажы-Сай айылында 14 жаштагы баланын чөнтөгүндөгү уюлдук телефону жарылып, ал денесинен күйүк алды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

2004-жылы туулган баланын денесинин 30 пайызы химиялык күйүк алган. Ал апасы менен телефон аркылуу сүйлөшүп бүткөндөн кийин уюлдук телефону жерге түшүп кеткен. Телефонун жерден алып, сол чөнтөгүнө салганда ал жарылып кеткен.

Ал «Nokia X1» үлгүсүндөгү телефонду колдонуп жүргөнүнө бир ай гана болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM