Биз менен байланышыңыз

Баткен: Бийлик өкүлдөрүнө карата жасалган оор кылмыштар боюнча жыйын өткөрүлдү

Кыска кабар | 26 Ноя 2018 | 592 | 0

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Анда акыркы учурда облус аймагында бир катар бийлик өкүлдөрүнө карата жасалган оор кылмыштар боюнча маселе каралып, кылмыштарды алдын алуу, болтурбоо жана болуп өткөн окуяларды дыкат иликтөөгө алуу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.

Эске салсак, буга чейин Баткенд жергиликтүү кеңештин депутатын белгисиз бирөө атып кетип, ал бир канча күндөн кийин ооруканада каза болгон. 18-ноябрда облустук прокурор өлтүрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM