Биз менен байланышыңыз

Туура эмес жерге токтогон унааларды эвакуациялоо иши боюнча кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 26 Ноя 2018 | 506 | 0

Башкы прокуратура жана Финансы полициясы Бишкек шаарында автоунааларды эвакуациялоочу жабдыкты сатып алуунун мыйзамдуулугун текшерди. Анын жыйынтыгында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду.

Бул тууралуу Башкы көзөмөл органы кабарлады. Кылмыш иши “кызматтык абалынан кыянат пайдалануу” (304) “алдамчылык” (166) беренелери боюнча ачылды.

2017-жылы эвакуациялочу жабдыкты сатып алууга тендер өткөрүлгөн. Анда ал кызматтын баасы 1 сом деп белгиленген, бирок бара бара компания менен 1350 сомго кызмат көрсөтүү боюнча келишим түзүлгөн.

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы туура эмес жерге токтотулган унааларга айып салууда да мыйзам бузуулар аныкталганы маалымдалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM