Биз менен байланышыңыз

Жактоочу: Садыр Жапаровдун иши кайра каралат

Кыска кабар | 26 Ноя 2018 | 824 | 0

Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун иши кайра каралат. Бул тууралуу “Маралга” Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

Анын айтымында, Жапаровдун ишин Бишкек шаардык прокуратурасы жаңы жагдайларга байланыштуу Биринчи Май райондук прокуратурасына тапшырды.

Жогорку Соттун токтому чыккандан кийин биз аны карап көрүп, жаңы жагдайлар боюнча Башкы прокуратурага кайрылганбыз. Башкы көзөмөл органы ишти Биринчи Май райондук прокуратурасына жиберген. Биринчи Май райондук прокуратурасы 29-августта Жапаровдун ишин кайра кароого негиз жок деген чечим кабыл алган. Мен буга каршы даттанып, Бишкек шаардык прокуратурасына кайрылгам, шаардык прокуратура 26-ноябрга чейин жооп бериши керек болчу.Бишкек шаардык прокуратурасы бул чечимди жокко чыгарып, кошумча текшерүү жүргүзүп, мыйзамдуу каралсын деп Биринчи Май райондук прокуратурасына ишти кайра жиберди. Эми 1-декабрга чейин жаңы жагдайлар менен кароо үчүн иш райондук сотко жиберилиши керек”, — деди Токтосунов.

Ал жаңы жагдайлар катары 4 күбөнүн көрсөтмөсүн берип жатканын айтты. Алар — Кенжебек Жумабаев, Наристе Калчаева, Жолдошбек Кожобергенов, Кайрат Качыганов кысым менен сотто жалган көрсөтмө бергенин моюнга алышкан.

Алар Садыр Жапаровдун эч кандай күнөөсү жок экенин айтып жатышат. Бизди ошол учурда коркутуп, өмүрүбүзгө коркунуч келтирүү жолдору менен ушундай көрсөтмө алышканын айтууда. Бирок ошондо дагы Жапаровдун бул ишке тийиштиги бар деп айткан эмеспиз деп жатышат. Бүгүн болсо алардын төртөө тең Садыр Жапаровдун эч кандай күнөөсү жок деген видеокайрылууларын беришти”, – дейт жактоочу.

Шарабидин Токтосунов Садыр Жапаров  6-декабрда 50 жашка чыгарын, ага чейин анын иши кайра каралып акталарына ишенет.

Эске салсак, Садыр Жапаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийлик өкүлүн барымтага алуу” беренеси менен айып тагылган. Ал 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартипте абакка кесилген.

Copyright © 2017 Maral FM