Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз Туризм» мамлекеттик ишканасын түзүү сунушталды

Кыска кабар | 26 Ноя 2018 | 500 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев туризмди өнүктүрүүнүн жаңы механизмдерин киргизүү боюнча жыйын өткөрдү. Анда Абылгазиев жер-жерлердеги туристтик инфраструктураны жакшыртуу, туристтик статистиканы иретке келтирүү, чет элдик туристтердин келүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча комплекстик чарларды иштеп чыгууну тапшырды.

Ошондой эле аймактардагы туристтик кемпингдерди жана эс алуу тармагын уюштуруу боюнча жыйынтык чараларды кабыл алууну талап кылды.

2023-жылга чейин туризмдин өлкө ИДПсындагы үлүшүн 5% дан 10%га жеткирүү милдетин койдук. Бул өтө амбициялуу цифра, бирок Кыргызстандын туристтик потенциалын эске алуу менен биз ар жылдык өсүш көрсөткүчүн камсыздоо үчүн туризмди өнүктүрүүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуубуз керек” – дейт Абылгазиев.

Премьер-министр ошондой эле өлкө боюнча конкреттүү туристтик долбоорлорду ишке ашыруу үчүн туризм тармагына жергиликтүү жана чет элдик инвестицияларды тартуу иштерин күчтөндүрүүнү талап кылды.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов 2019-2022-жылдарга туризм тармагын өнүктүрү боюнча программасынын долбоорун сунуштады.

Анын маалыматында, учурда бардык туристтик долбоорлорду инвентаризациялоо жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары өлкөнүн туристтик тармагын өнүктүрүү максатында «Кыргыз Туризм» мамлекеттик ишканасын түзүү сунушталууда.

Абылгазиев бир айлык мөөнөттө туристтик тармактын айтылган сунуштарды эске алуу менен туристтик тармакты өнүктүрүү концепциясын аягына чейин иштеп чыгууну тапшырды.

Ошондой эле инвестициялардын көлөмүн көбөйтүү максатында Маданият, маалымат жана туризм министрлигине башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар менен биргеликте туристтик инвестициялык лотторду иштеп чыгууну милдеттендирди.

Copyright © 2017 Maral FM