Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын түрмөлөрүндө 80 тажик жараны бар

Кыска кабар | 26 Ноя 2018 | 443 | 0

Кыргызстандын түрмөлөрүндө 80 тажик жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди. Аларрдын басымдуу бөлүгү маңзат сатуу айыбы менен камалгандар.

Аларды экстрадициялоо боюнча Тажикстан менен макулдашууга кол коюлган. Бирок ажик тарап камактагы жарандарын экстрадиция кылуу боюнча бир дагы өтүнүч жибере элек.

Мындан тышкары, быйыл Орусиянын эки жана Балтика өлкөлөрүнүн биринин бир жараны экстрадицияланды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жабык типтеги 11 түзөтүү жайы, 13 жатак жана 6 тергөө абактары, ошондой эле өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн 1 түрмө бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM