Биз менен байланышыңыз

«Акнеттин» негиздөөчүлөрү мүлк талашууда

Коом | 23 Ноя 2018 | 563 | 0

 23-ноябрда «Акнет» ААКынын кеңсесинде Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде тинтүү иштери жүргүзүлдү. Буга ишкананын негиздөөчүлөрү арасында мүлккө байланыштуу талаш чыккандыгы себеп болгон.

«Акнет» интернет таратуучу компаниясына анын жетекчисине козголгон кылмыш ишинин негизинде тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынын өкүлү Анастасия Пискур билдирди.

Анын айтымында, «Акнет» компаниясында рейдерлик басып алуу болду» деп тараган маалыматтар чындыкка дал келбейт.

-Кечээ аталган компанияда ишкананын негиздөөчүсүнүн жана бир катар жооптуу кызматкерлеринин үстүнөн козголгон кылмыш ишине байланыштуу соттун санкциясынын негизинде тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Компаниянын 3 негиздөөчүсү бар, алардын бири — башкы директоруна Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (коммерциялык уюмдарда иштегендердин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышы) менен кылмыш иши козголгон. Ал башка негиздөөчүлөрдүн жана мамлекеттин кызыкчылыгын эске албай, ээлеген кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, абоненттерден түшкөн акча-каражаттардын суммасын жашырып, ири суммадагы салык төлөөдөн качкан. Жетекчиликтин жана жооптуу кызматкерлердин отурган кеңселеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, документтер каралган. Ал эми, компания рейдерлик басып алуу болду деп берген расмий жообун алар тарабынан коргонуу катары кабыл алуу керек.

Аталган акционердик коомунун негиздөөчүлөрү болуп үч адам эсептелет. Алар Аскар Кутанов, Руслан Абдумажитов жана Кубан Ажимудинов.  Бул ишкана 2007-жылы каттоодон өтүп, жылына республикалык бюджетке миллиондогон сомду которуп келет.

«Акнетке» каршы арызды  компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Руслан Абдумажитов берген. Бул компаниянын адвокаты Амантур Абдырахманов кызматкерлерге «Акнеттин» бардык филиалдарындагы документтерди алууга укук берилгендигин айтты. Ошону менен бирге ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматкерлеринин аракети канчалык мыйзамдуу болгондугу боюнча маселе көтөрө турганын кошумчалады.

-Азыр документтердин баары алынды, бирок бири да каттоого алынган жок. Ар бир документти каттоого алгыла деген талапка тергөөчүлөр реакция кылган жок.

Ал ортодо «Акнет» компаниясынын Бишкектеги кеңсесинин кызматкерлери митингге чыгып, ишканага байланыштуу текшерүүлөргө нааразы болушту. Алар соңку жагдайлар жумушка терс таасир этип, айлык төлөөдө кыйынчылык жаралышы мүмкүн экенин айтышты.

«Акнет» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Руслан Абдумажитов ишкананын айланасындагы чуу боюнча түшүндүрмө берди. Анын айтымында, бул жагдай мүлк талашууга байланыштуу чыккан.

“Акнеттин” негиздөөчүлөрүн бири Кубан Ажимудинов, кызматынан кыянат пайдаланып, калган эки негиздөөчү компанияны башкармалыктан алып, маалыматтарды чектеп койгон.

-«Акнеттин» президентинин бакшаруусунда компаниянын кирешеси, дивиденттери, төлөмдөрү азайып жатат. Буга байланыштуу негиздөөчүлөрдүн бири финансы полициясына кайрылып, текшерүү жүргүзүүнү өтүнгөн. Себеби жогорудагы көйгөйдү сүйлөшүү жолу менен чечүү мүмкүн болгон жок. Үйүмө күч органдарынын кызматкерлери бир эмес көп жолу келип, өзүмдүн үлүшүмдү берүүмдү  айтып коркутуп кетти. Бул үй-бүлөмө кооптуу. Жада калса бүгүн арызымды алып кой деп келишти. Ошондуктан буга президент Сооронбай Жээнбековду көңүл бөлүүсүн суранамын.

Белгилей кетсек,  22-ноябрда «Акнет» интернет таратуучу компаниясынын иши үзгүлтүккө учурап, ишкананын расмий сайтында жогорку жактагы магистралдык линияларда мүчүлүштүктөр болгондон улам байланыш убактылуу үзүлгөндүгү жазылган. Киийн «Акнет» компаниясында рейдерлик басып алуу болгону сыналгынын экранынан көрүнүп жаткан сүрөттөр жарыяланган болчу.

Кошумчалай кетсек, “Акнеттин” Оштогу филиалындагы документтери да алынары айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM