Биз менен байланышыңыз

24-ноябрда кар жаайт

Кыска кабар | 23 Ноя 2018 | 621 | 0

24-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймакта кар жаайт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метр, айрым аймактарда 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +3…+8;

Таласта түнкүсүн -1…+4, күндүз 0…+5;

Ош, Жалал-Абад, Баткенде түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10;

Нарында түнкүсүн -5…-10, күндүз +2…+7;

Бишкек шаарында күндүз мезгил мезгили менен жаан, кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метр, айрым учурдарда 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +5…+7.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM