Биз менен байланышыңыз

Бурулайдын өлүмү боюнча соттук процесс уланууда

Кыска кабар | 23 Ноя 2018 | 489 | 0

Свердлов райондук сотунда Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча соттук отурум жүрүп жатат. Анда эксперт-криминалист Эрмек Саманчиев суракка алынды.

Анын айтымында, ал ошол маалда шок абалда болгон. Мындан улам эмне себептен колунун манжаларынын изин албагандыгын билбейт. Эксперт бычакты көргөн, бирок анын сабы эмнеден жасалгандыгы эсинде жок.

Мен жарандарды кабыл алуучу бөлмөдөн кандын изин жана бычакты көрдүм. Окуя болгон жерден манжалардын изин алган эмесмин. Мен сүрөткө гана тартып, эртең менен моргдо болдум. Мен өзүмдү жоготуп койдум, анткени РИИБда мындай окуя биринчи жолу болду.

Эске салсак, 27-майда 19 жаштагы Бурулай кыз ала качуунун курмандыгы болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM